Уланбек Дыйканбаев:
Мен үчүн атаандаштык - чыгармачылык изденүү... Анткени, ар тараптуу изденүүнүн натыйжасында гана чыныгы атаандаштыкты жарата аласың
Бул жолку маегибиз эл ичиндеги көйгөйлөрдү көтөрүп, социалдык жагдайларды коомчулукка жеткирген "Ала-Тоо 24" телеканалынын журналисти Уланбек Дыйканбаев менен болду.
- Теленин босогосун аттаганда кандай таасир калды эле?
КТРКнын эшигин алгачкы жолу 2009-жылы аттап кирдим. Ал учур, андагы сезимдер дагы деле эсимде. Бир мекеменин ичинен белгилүү адамдарды жанынан көрүп, толкунданып, катуу таасирленгендиктенби, алгачкы күндөрү мектептин босогосун аттаган окуучудай болуп сүйүнгөм. Өзгөчө жаңылыктардын артынан чымын-куюн болуп, тыным албай иштеп жаткан журналисттерди көрүп таң калгам. Алардын иш ыргагы, топтогон маалыматты эфир аркылуу элге ыкчам жеткириши - бул кесип ары татаал, ары түйшүктүү экенин аңдадым. Мен ушундай жоопкерчиликтүү кесипти аркалап кетээриме көзүм жетип, алдыга карай озунгам.
- Журналисттик кесипти кандайча тандап алгансыз?
Бала кезимден китеп окууну хобби катары көрчүмүн. Окуп жаткан чыгарманын ичине сүңгүп кирип, каармандар аркылуу катуу таасирлендим. Үйдөгү китептерди окуп бүтүрүп, мектептеги китепкананы казып окудум. Ушул изденүүмдүн натыйжасы менен сөз байлыгым көбөйдү десем болот. Журналисттик кесипти тандаганга чейин бир катар тармактарда өзүмдү издеп көргөм, бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө тарыхчы же журналист болууну самачумун. Өзүмдү журналисттер чөйрөсүндө сынап көрүүнү чечип, КТРКга жөн гана практикага келип, электен өтүп "Ала-Тоо" программасынын кабарчысы катары иштеп калгам.
  • Журналистика – мен үчүн жашоонун ритми! Ар дайым маалыматтын алдында болосуң, коомго өзүңдүн калемиңе тиешелүү болгон пикиринди жеткире аласың
Атаандаштык болбосо, эч качан
ийгилик жаралбайт...
- Теле талаасында атаандашуу кандай?

Негизи жашоодо атаандашуу дегенге көп маани бербейм. Бирок ар бир кесипте атаандаштык болбосо, эч качан ийгилик жаралбайт. Мен үчүн атаандаштык чыгармачылык изденүү...
Анткени, ар тараптуу изденүүнүн натыйжасында гана чыныгы атаандаштыкты жарата аласың. Ал эми телеканалдар ортосундагы атаандаштык тууралуу айтсам: атаандаштык болбой койбойт. Эгер коомго тез арада жеткире турган жаңылык болсо, андай учурда ар бир журналист өзүнүн телеканалынын имиджи үчүн атаандашып, мыкты жакшы телематериалды тез арада чагылдырууга далалат кылат.
Ар бир журналисттин өзүнө тиешелүү стили болууга тийиш...
Өзүмдү алсам, Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып, жүрөгүмө жакын элет элинин жашоо-турмушун чагылдыруу менин стилиме жакыныраак. Эл жерди аралап карапайым калктын жөнөкөй турмушун актуалдуу чагылдырууда мага эч кандай тоскоолдуктар жаралбайт. Анткени алыскы аймакка алгачкы жолу барганыма карабай, өз айылымда жүргөндөй тез аралашып кетем. Менин калемимдин өзгөчөлүгү социалдык маселелерди коомчулукка жеткирип, чечилишине салым кошо алгандыгымда.
Сынды кандай кабыл аласыз?
Мен жөнүндө айтылган сын-пикирлерге туура көз караштамын. Анткени элдин алдында жүргөн адамдар сөзсүз түрдө сынга кабылат. Эгер жумуштан мага карата сын айтылса, аны туура кабыл алып, кемчиликтерди оңдоого аракет кылам. Негизи эле журналисттик чөйрөдө, өзү-өзү сындап туруу абдан керек деп ойлойм. Эгер чыгармачыл адам өзүн сындап турбаса, анда ал бир орунда токтоп калат, өсүш деген болбойт деп эсептейм. Ошол себептен, даярдаган материалымды талдап, сындап турам.
Телевидениеде сизге жол көрсөткөн устаттарыңыз?
Кыргызстандагы негизги каналдын жаңылыктар бөлүмүнүн жүгүн тартыш оор деп айтсам жаңылышпайм. Там-туң баскан баладай телчигип, бир белди ашканча жол көрсөткөн устат болушу кажет. Мага дагы убагында багыт берген, жол көрсөткөн үлгүлүү адамдар болгон. Телевидениенин эшигин аттаганда, биринчилерден болуп Улан Бакиров жакшы маанайда тосуп алып, иштин кандай жүрүшү тууралуу түшүнүк берди. Улан мырза мага материалды кантип туура чогултуунун сырлары менен бөлүшсө, Айжан Омолдошева текстти кыска жана нуска кылып жазууну үйрөткөн. Негизи эле көп жыл эмгеги сиңген кесиптештеримден журналисттик кесипке тиешелүү нерселерди кабыл алып кабарчылыкты өздөштүрдүм.
Эгер чыгармачыл адам өзүн сындап турбаса, анда ал бир орунда токтоп калышы мүмкүн...
Эгер жасаган материалың көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапса, элдин оозуна алынасың.
Коомчулукка таанылыш үчүн экранга чыгуунун деле кажети жок...
Көпчүлүк бизди бийликтин ортосундагы көпүрө катары кабыл алат. Мага негизинен социалдык маселерди чагылдыруу жагат. Иштегениме 8 жылга аяк басты. Бул аралыкта таза суу, электр жарыгы, жолдордун абалы тууралуу жана башка көптөгөн көйгөйлүү темаларды даярдап элдин үнүн бийлик бутактарына жеткире алдым деп ойлойм. Менин материалымдан кийин маселе оң жагына чечилген көрүнүштөр болгон. Алыс кетпей Бишкекти курчаган конуштарды алсак, бир катар көйгөйлөр жолго салынган.
Эл тараза эл сынчы деген накыл кеп бар. Коомчулукка таанылыш үчүн экранга чыгуунун деле кажети жок. Эгер жасаган материалың көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапса, элдин оозуна алынасың. Алыскы аймактарга иш сапар менен каттаганда мени таанып: КТРдин журналисти деп, аты-жөнүмөн атагандар кездешет. Жолуккан адамдар жылуу саламдашып, ал жайымды сурап анан өлкөдөгү абал тууралуу маек куруп, кайсыл тармакты көбүрөөк чагылдыруу боюнча өздөрүнүн сунуштарын айтышат.
Ийгилик адам баласына оңой-олтоң келе бербейт...
Аны багындырыш үчүн талбай эмгектенип, изденүү керек. Биз кабарчылар өрт өчүргүч сымал кайсы жерде жаңылык чыкса, ошол жерге жетип барып, топтогон маалыматты көрүүчүлөргө алып чыгабыз. Аба-ырайынын ысык-суугуна кайыл болуп, күн-түн дебей иштеген учурлар болот. Эмгегибиз жерде калбайт, мен КТРКнын "Ардак грамотасын", Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда "Алкыш" барагын жана башка министрликтерден сыйлыктарга ээ болдум.
Кесибим жоопкерчиликти сезе билүүгө, маданий чөйрөдө өзүн-өзү туура алып жүрүүнү, адамдар менен туура багытта тил табыша билүүнү үйрөттү
Келинчегим ар дайым кесибимди колдоп келет...
Менин балалыгым Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районунун Саруу айылында өткөн. Ата-энем, чоң энемдин колунда өстүм. Төрт бир туугандын улуусу болгондуктан чоң энем мени өз баласындай энчилеп, тарбиялап, жашоого жол көрсөткөн. Чоң энем 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштө эл менен үркүп Кытайга барып келген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында мугалим, агартуучу болгон. Журналисттик кесипти тандап алуумдун себеби да чоң энемдин тарбиясынан деп ойлойм. Ата-энем колхоздо иштеген, азыр айылда дыйканчылык менен алектенет. Учурда өзүмдүн үй-бүлөм бар. Келинчегим ар дайым кесибимди колдоп келет.
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website