Балдар жылмайса, аалам жылмаят!
Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы ишмердүүлүгүн балдар дүйнөсүнө арнап, алар үчүн башында радио уктурууларды даярдап, кийин балдар берүүлөрүн эфирге чыгарган Кундуз Аманова учурда Кыргызстандагы алгачкы балдар телеканалы Баластанды жетектейт. Кезектеги материалыбыз журналисттик кесибин балдарга арнаган Кундуз Аманова менен болду.
Балдар дүйнөсүнө кандайча аралашып калгансыз?
- Балдарга мени жакындаткан, алардын аруу, таза дүйнөсү жана жакындыгым болду. Алардын ааламына баш багып, тилин таап иштешүү абдан кызыктуу.
Алгач 2003-жылы УТРКнын "Жаш толкун" редакциясына келип "Кызык экен", "Салам, жаш талант!", "Бала тили-бал" балдарга арналган уктурууларды алып чыгуу менен чыгармачылыктагы жолум башталган. Ошол жылдан ушул убакка чейин балдардын дүйнөсү менен жашап, аларга билим берүү, таанып билүү, агартуу багытындагы берүүлөрдү даярдап келем.
Балдар биздин келечегибиз деп көп айтылганы менен бул сөздүн маанисин тереңден изилдеп, көңүл бөлгөндөр аз.
— Кундуз Аманова
Кыргызстандын алгачкы балдар каналы Баластан тууралуу айтып берсеңиз...
Кыргызстандагы алгачкы балдарга арналган Баластан телеканалы 2013-жылдын 1-октябрынан баштап эфирге чыгып баштады. Чынында ал учурда балдарга арналган берүүлөр аз болуп, күнүнө эфирге коюлган мультфильм, фильмдерди 3 жолу кайталап көрсөтчүбүз.
Акырындап көрсөтүүлөрдү тартып, эфирдик торчобузга кошо баштадык. Азыркы учурда Баластан каналында билим берүү жана таанып билүү багытындагы берүүлөр, мультфильмдер, көркөм фильмдер берилип келет.
Биздин каналдын урааны "Балдар жылмайса, аалам жылмаят!".
Балдар биздин келечегибиз деп көп айтабыз, бирок бул сөздүн маанисин тереңден изилдеп, көңүл бөлгөндөр аз.
Аларга туура тарбия жана жеткиликтүү билим бербей туруп, келечектен көптү үмүт кылуу туура эмес.
Баластан телеканалынын жеткинчектердин билимге умтулуусуна багыт берген жакшы берүүлөрү бар. Аталган берүүлөр аркылуу өзүн көргөзүп келген балдар бизди кубандырат.
Биз сапаттуу, мазмундуу, билим бере турган агартуучу көрсөтүүлөрдү кылсак, мультфильмдерди берсек, ошолорду көргөн балдар көп маалыматтан кабардар болуп, келечекке карай кадамын дагы туура арыштай алаар деген үмүттөбүз. Баластан каналы балдарга туура багыт берүүчү телеканал болуп калат деген ойдобуз.
Биздин көз алдыбызда көптөгөн жаш таланттар өсүүдө...
Баластан телеканалы өзүнүн ишмердүүлүгүн кандай алып барууда?
- Каналдын эфирин сапаттуу жана өзүбүздүн берүүлөр менен толтуруу үчүн, албетте эмгектенүү зарыл. Чыгармачыл топ ар дайым изденүүнүн үстүндө жүрүшөт. Анткени балдардын кызыгуусун арттыра турган, пайдалуу, таасирлүү берүүлөрдү биз алардын тилинде жеткире тургандай даярдашыбыз керек. Алдыда дагы аткарыла турган иштер көп. Учурда да жакшы долбоорлор менен иштеп, аларды биздин жаш досторго тартуулап жатабыз. Биздин каналдын чыгармачыл тобунун ишмердүүлүгү тегирмендин ташындай эле иштеп жатат.
Эл аралык же мамлекеттик программанын негизинде даярдалган көрсөтүүлөр барбы?
- ЮНЕСЕФ менен бирдикте "Керемет көч" мультфильми тартылып келет. Ал эми, "Китеп дүйнөсүнө саякат" мультфильми жана "Бирге окуйбуз" көрсөтүүсүн "Ага хан" фонду менен чогуу тартып жүрөбүз.
ЮНЕСЕФ менен тыгыз кызматташуунун үстүндөбүз. Эл аралык уюмдардын долбоорлору менен сөзсүз иш алып баруу зарыл. Анткени алар бизге материалдык базаны камсыздап беришет.
Балдар берүүлөрүнө же мультфильмдерге атайын социалдык изилдөөлөр жүргүзүлгөнбү?
- Социалдык изилдөө чынында жүргүзүлгөн эмес. Бизге кайрылгандар, кат жолдогондор аркылуу көп нерседен маалым болобуз. Кээде тамгалардан ката кетип калса дагы, бул тамганы туура эмес жазып коюптурсунар деген сыяктуу кат жөнөтүп жиберишет. Демек биздин көрүүчүлөрүбүз көп. Сын-пикирлер көбүнчө ата-энелерден түшөт. Алардын атайын сунуштары да эске алынат. Балдары суранган мультфильмдерин эфирден кетиребиз. Мындайча айтканда балдар менен канал ортосундагы байланышка мүмкүнчүлүк түзгөн көпүрө болуп беришет.
Ата-энелердин суранычы менен түнкү 12ге чейинки Баластан каналынын эфири 2 саатка кыскарган.
Чет элдик берүүлөр, мультфильмдер эфирге кантип тандалып чыгарылат?
Баластан каналынын режиссеру, редакторлору эфирге чыга элек мультфильмдердин мазмунун, балдарга тарбиялык маанисин карап чыгып иликтеп, изилдеп, тандап алышат. Ар бир эфирге коюла турган мультфильмдердин балдарга билим берүүчү багыты болушу керек, ошолордун баардыгын эске алабыз.
"Манас таануу"долбоору республикадагы көптөгөн окуучуларга кыргыз элинин тарыхы, каада-салты, үрп-адаттары тууралуу терең окуп, билүүсүнө шарт түзүп берди.
Манас таануу" көрсөтүүсү аркылуу окуучулар өзүлөрүнө эмнелерди алды деп ойлойсуз?
"Манас таануу" интеллектуалдык көрсөтүүсү 2011-жылдан бери КТРКдан чыгып келет, ал эми 2013-жылдан баштап Баластан каналынан да чыга баштады. Долбоор аркылуу биз балдарга 7 жыл аралыгында кыргыз элинин басып өткөн тарыхынан кенен түшүнүк бердик. Биринчи биз 3 жыл Саякбай Каралаевдын вариантындагы "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигин окуттук.
Окуучулардын конкурска катышууга каалоосу көп болуп, 3 китепти тең жакшы окуп келип, Манастын кайсыл күнү кандай атты минип, жоого аттанганын чейин такалбай айтып берип жатышты. Биз алардын берген жоопторунан, даярдыктары абдан жакшы экендигине баам сала алдык.
Долбоорду эфирге алып чыккандан кийин 3-жылы Сагынбай Орозбаковдын вариантына өттүк . Бул дагы классикалык чыгармалардын бири.
Ушул алп манасчылар Сагынбай менен Саякбайдын вариантында негизги "Манас" эпосу түзүлгөн да.
Ал эми, окуу китебинде эки манасчынын кыскартылган варианттары окутулат.
Биз жылына окуучуларды райондордо, обулустарда анан республикага чейин келип тандап жаттык. "Манас таануу" долбоору аркылуу жылына 3000-4000 окуучуга эпос тууралуу кенен маалымат алууга шарт түзүп бердик десек жаңылбайбыз.
Биздин көрсөтүүгө катышкан окуучулар, жогорку окуу жайларында билим алууда. Алар азыркы чыгып жаткан мектеп окуучуларына жардам берип, аздан салым кошуп жатышат. кийин бир канча жогорку окуу жайларында манас, тил багытында окуп жатышат. Алар эми бизге келип команда даярдап, жардам берип жатышат. Муну менен биз сыймыктанабыз. КТРК "Манас таануу"долбоору аркылуу республикадагы көптөгөн окуучуларга кыргыз элинин тарыхы, каада-салты, үрп адаттары тууралуу терең окуп, билүүсүнө шарт түзүп берди.
Балдарга арналган долбоорлор көңүл назарына илинип, сыйлыктарга татыдыбы?
Баластан каналынын көп долбоорлору ийгиликтерге жетти. Ички сыйлыктардын баарынан кур калган жокбуз, кайсы программаны алып чыкпайлы жылдын мыкты долбоору деп аталып жатты. Ушул эле "Манас таануу" долбоору 3 жыл катары менен "Жылдын мыкты долбоорун" алган. "Балдар FM" радиосу дагы толугу менен ичиндеги программалары менен жылдын мыктысы болуп жүрөт.
"Баластан шоу", "Бирге окуйбуз","Таалим тай", "Баарын билгим келет" ушул көрсөтүүлөрдүн баардыгы "Жылдын мыкты долбоору" сыйлыктарына татып жүрдү.
Андан сырткары билим берүү министирлигинин Ардак грамотасын жана башка көптөгөн сыйлыктарга татыганбыз.
Балдар дүйнөсү менен аралашып жүрүп, өзүңүздүн жан-дүйнөңүздө кандайдыр бир өзгөрүүлөр болгонун байкадыңызбы?
- Негизи айтып калышат эмеспи балдар менен аралашып жүргөн адамдын мүнөзү бала кыял болуп калат деп. Балдарга түшүнүктүү болсун деп, аларга жай отуруп алып түшүндүргөнгө көнүп калгам да. Кээде жакын санаалаштарыма да балдардай мамиле жасап, бир нерсени майдалап түшүндүрүп берет экенмин. Ошону көп айтып калышат.
Баластан телеканалынын эмгек жамааты, командаңыз тууралуу айтып берсеңиз...
Биздин телеканалда иштегендердин баардыгы өз ишин сүйгөн кызматкерлер. Анткени балдар менен иштешүү оңой эмес. Ал эми биздин кесиптештер ошолордун тилин таап, канчалаган наристелер менен иш алып барууда. Командамдын балдарга болгон мамилесин, эмгекчилдигин, аткарган кызматына жооптуу мамиле кылгандарын аябай баалайм. Биздин алдыда эфирге алып чыга турган долбоорлорго пландарыбыз көп.
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website